Антивирус бардыгы үчүн! Казакстанда келерки айдын башынан тарта адамдарды массалык эмдөө башталат. Биринчи этапта 2 миллион казакстандык эмдөөдөн өтөт. Жылдын аягына чейин жалпысынан өлкөдө 6 миллионго жакын адамды эмдөө пландалууда. Биринчи кезекте медициналык мекемелердин кызматкерлери, андан кийин - мугалимдер, студенттер жана өнөкөт оорулары менен ооругандар эмделет. Өкмөттө бүгүнкү күндө кооптуу вирустун жайылышына каршы күрөшүү чаралары жөнүндө айтылды. Массалык эмдөөгө даярдануу боюнча жооптуу адамдарга бир катар көрсөтмөлөрдү министрлер кабинетинин башчысы Аскар Мамин айтты.
АСКАР МАМИН, РКНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:
- Саламаттыкты сактоо министрлиги, акимчиликтер менен биргеликте, бирдин айынын 1нен баштап калкты массалык эмдөөнү баштоого медициналык уюмдардын даярдыгын камсыз кылат. Бардык эмдөө тилкелеринде вакциналарды сактоого шаймандар жетиштүү болушу керек. Ошондой эле медициналык кызматкерлерди окутуу зарыл. Бир жуманын ичинде эмдөө пункттарынын даярдыгын жана вакциналардын үзгүлтүксүз болушун көзөмөлдөөнү тапшырам.
Тармактык мекеменин башчысы Алексей Цойдун айтымында, COVID-19дун өлкөдө жайылышына байланыштуу кырдаал оор. Эки аймак тең сары зонада. Кызыл Зонанын 5 аймагына дагы бир аймак кошулду, атап айтканда Нур-Султан шаары, Павлодар, Акмола, Костанай, Атырау облустары. Бул Түндүк Казакстан облусу. Министр эпидемиянын массалык жайылышынын туу чокусу боюнча ар кандай божомолдорду айтты.
АЛЕКСЕЙ ЦОЙ, РКНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРИ:
- Ушул жылдын жалган куран айынын аягында илдетти жуктуруунун деңгээли жогору болушу мүмкүн. Оптимисттик сценарий боюнча, күнүнө 3000 учурга чейин күтүлүүдө, ал эми керебет корунун (запас) максималдуу камтылышы 24 миңге чейин жетиши мүмкүн. Бирок, бул сценарийге карантиндин катуу талаптарын киргизүү мерчемделген эмес. Реалисттик жана пессимисттик сценарий боюнча, күн сайын 6 жана 9 миң адам илдетти жуктурушу мүмкүн. Ал эми керебеттин корун камтуу 45 миңге чейин жетет. Башка сөз менен айтканда, коронавирус менен ооругандар үчүн керебеттердин саны 52 миң койкадан ашпайт, мындай учурда саламаттыкты сактоо тутумуна ашыкча күч келтирбей, сапаттуу медициналык кызматты камсыз кылуу үчүн карантиндик талаптарды катуу киргизүү керек болот.
Өкмөттөн белгилешкендей, учурда ата мекендик вакцина клиникалык сыноолордун үчүнчү фазасында, анын алдын ала натыйжалуулугу 96% ды түзөт. Ошол эле учурда орусиялык SPUTNIK-V вакцинасынын сапаты текшерилүүдө. Мындан тышкары, GMP стандарты менен вакциналарды чыгаруучу биофармацевтикалык завод курулуп жатат.