Астанада Евразиялык арбитраж күндөрү өтүүдө

Астана эл аралык каржы борборунун соту менен Эл аралык арбитраждык борбор 5 жылда 2200дөн ашык ишти карады. Бүгүнкү күндө алар боюнча кабыл алынган бардык чечимдер толугу менен аткарылды. Тагыраак айтканда, талаш-тартыштарды медиация жолу менен чечүү үчүн 1748 келишим, 74 сот жана 447 арбитраждык өкүм колдонулуп, тараптар жарашууга келишкен. Борбордун өкүлдөрү Евразиялык арбитраж күндөрүнүн алкагында буга чейин аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарышты. Казакстан, АКШ, Улуу Британия, Европа жана Азия мамлекеттеринин алдыңкы серепчилери борбор калаада үч күн бою бул жааттагы өзгөчөлүктөрү менен бөлүшүп, өз ара тажрыйба алмашат. Арбитрлер жана медиаторлор бизнес өкүлдөрү, инвесторлор жана юристтер үчүн тренингдерди жана мастер-класстарды өткөрүшөт.

Кристофер Кэмпбелл-Холт, АЭКБ соту жана КБС каттоочусу жана аппарат башчысы:
-Казакстанга инвестиция тартууда «Астана эл аралык каржы борбору» соту жана Эл аралык арбитраж борбору маанилүү роль ойнойт. Чечилбей турган маселе жаралса же бизнес чөйрөсүндө талаш-тартыш жараткан учурлар болгондо, алардын укуктары менен кызыкчылыктары Астана эл аралык каржы борборунун арбитраждык кызматтары тарабынан корголорун билишет. Бул учурда укуктук үстөмдүк принциби иш жүзүндө 100% ишке ашырылат. Учурда эл аралык арбитраждык сот жана Астана эл аралык каржы борбору Евразия чөлкөмүндөгү талаш-тартыштарды чечүү үчүн эң ылайыктуу жер болуп саналат.

Эскерте кетсек, Астана Эл аралык каржы борбору жана Арбитраж борбору бардык коммерциялык жана инвестициялык талаш-тартыштарды чечүүдө англис укугунун нормаларын жана принциптерин колдонот. Ошол эле учурда 2018-жылдан бери өлкө аймагындагы инвесторлордун укуктарын коргоого мыкты эл аралык адистер тартылды. Серепчилердин айтымында, Казакстан бүгүнкү күндө Евразия мейкиндигинде уникалдуу арбитраждык хабка айланды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков