Казакстандык ышкыбоз Mortal Kombat оюнунун сүрөтчү-амбассадору аталды

Казак ышкыбозунун кайталангыс өнөрү Warner Bros. Gamesтин көзүнө илинди. Былтыр алп компания Канат Нуртазинге Mortal Kombat жарнамалык кампаниясына катышууну сунуштады. Азыркы учурда ал глобалдык долбоордун 17 сүрөтчү-амбассодорунун бири. Казакстандык өнөрпоз жалбырак бетине оюп сүрөт тартуу аркылуу кайталангыс көркөм чыгармаларды жаратат. Ал Казакстанда бул өнөрдүн «карвинг» деп аталган түрү менен алектенген башка эч кимди жолуктурбаганын айтат.

Канат Нуртазин, ышкыбоз сүрөтчү:
-
Мортал Комбаттын каармандарына байланыштуу биринчи эмгегим "сары чаян" болсо, экинчиси "Джейттин" образын тарттым. Үчүнчү жумушумду эркин стилде жасашым керек болчу, анда кандайдыр бир талаптар болгон жок. Сүйлөшүүлөр учурунда менин оюма бир идея келди. Алар мага бир тасма  көрсөтүштү. Анда оюндун башкы каарманы Лю Канг кыймылы менен Мортал Комбаттын символун чагылдырды. Мен ошону жалбырак бетине түшүрдүм.

Бул казак талантынын укмуштуудай чыгармаларына суктанган жалгыз эл аралык компания эмес. Ал буга чейин белгилүү Disney, Nickelodeon, Nick Junior, Peppa Pig менен иштешкен. Кызыгы Канаттын бул жаатта атайын билими жок. Тубаса талант. Чет өлкөдөн IT тармагында билим алып, негизги кесиби менен бирге хоббисин да аркалайт.

Канат Нуртазин, ышкыбоз сүрөтчү:
-
Жакында БАЭге иш сапарым менен барам. Азыр ал жактын Туризм министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам. Эгер баары жакшы болсо, алар менен биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырышым мүмкүн. Мен өзүмдүн чыгармаларым аркылуу өзүм барган ар бир өлкөнүн баатырларына, окуяларына казактын мүнөзүн, улуттук оймо-чиймебизди кошуп келем. Башкача айтканда, мен ошол өлкөнүн тарыхы менен өзүбүздүн тарыхыбызды айкалыштырууга, аны жергиликтүү жана биздин коомго жакын, түшүнүктүү кылууга аракет кылам.

Жалбырактар ​​менен иштөө талант ээсинин чыгармачылык фондунда жалгыз курал эмес. Тегерегиндеги жөнөкөй нерселерден эргүү алган талант ээси “Сүрөт тартуунун 100 жолу” арт долбоорунун автору. Бүгүнкү күндө ар кандай материалдарды колдонуу менен көркөм сүрөт искусствосунун 80ге жакын ыкмасын өздөштүргөн. Эркин идеянын негизинде гипс, кагаз, жип, мык, тамак-аш, мөмө-жемиш сыяктуу түрдүү нерселерди колдонуп, миңге жакын эмгекти тартуулады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков