Казак авторунун комикстери чет өлкөлөрдө таанымал

Казак авторунун комикстери чет өлкөлөрдө таанымал

Казак чеберинин тарткан комикстери чет элдик окурмандардын жүрөгүнөн орун алды. Анын чыгармалары дүйнөнүн белгилүү басмаканаларында басылып чыкты. Ата мекендик сценарист Бек-Ата Даниял бала кезинен бери бул жанрга жакын. Ойдон чыгарылган каармандардын жашоосун жаркын сүрөттөр менен кооздолгон комикстерди окуп чоңойгондуктан, ал өзү автор болуу чечимин кабыл алган. Комикс жазуу менен 2020-жылы профессионалдуу түрдө алектене баштаган. Ал Англиянын Хартфордшир университетинин «кино жана телевидение» адистигин аяктаган. Учурда Лефкада Европа университетинин магистранты.

Бек-Ата Даниял,   комикстер автору, сценарист:

- Кичинекей кезимде соода күркөлөрүндө сатылган ар кандай журналдарды карап, аларда чагылдырылган баатырлардын эрдиктерин окучумун. Негизи жакшылык менен жамандыктын чексиз күрөшү маанилүү - деп ойлойм. Айрыкча азыркыдай кыйын мезгилде. Бирок комикс баатырлары үчүн бул жөн гана жашоо образы эмес. Ал ар кандай жанрларды камтыйт. Билимден оюн-зоокко чейин. Дегеле, комикс бюджеттик мультфильм - деп айтат элем.

Бүгүнкү күндө Бек-Ата Даниялдын “Динозаврлар баатыры”, “Батыл бир туугандар”, “Коммунизм аскери” сыяктуу чыгармалары дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө тараган. Анткен менен, жаш сценаристтин түпкү максаты – Казакстанда аталган тармакты өнүктүрүү, чектелүү болсо да өз салымын кошуу.

Бек-Ата Даниял,   комикстер автору, сценарист:

- Учурда менин комикстерим Индияда басылып чыкты. Азыр Орусияда басууга даярданып жатабыз. Муну менен катар, биз Англиянын коомчулугуна проза менен үчилтикти сунуштадык. Ошентип 3 мамлекет менен ийгиликтүү иштештик, мындан ары да бул ишти улантабыз. Албетте, Казакстанда иштегим келет. Жаңы Казакстанга ишенем жана бул жерде жөн гана комикс эмес, мультфильмдерди жараткым келет. Өлкөнүн өнүгүшүнө, жаштардын бул тармакта иштешине өз салымымды кошсом - дейм. Анткени туулган жер мен үчүн биринчи орунда турат.

Белгилей кетсек, Бек-Ата Даниял өз чыгармаларын чет элдик кесиптештери менен бирге басып чыгарат. Келечектеги долбоорлорго «Каспий трагедиясы» жана «Кайсар-Кудайдын уулу» аттуу фантастикалык комикстери кирет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков