Казакстандык мугалим тарых сабагын өздөштүрүүгө арналган тиркеме иштеп чыкты

Казакстандык мугалим тарых сабагын өздөштүрүүгө арналган тиркеме иштеп чыкты

Петропавлдык мугалим атайын мобилдик тиркемени ойлоп тапты. Сергей Никулин мындай тиркемени түзүү идеясына көбүнчө информатика сабагына көңүл бурган жана тарыхты үйрөнүүдө кыйналган окуучунун абалынан кийин келген. Ошентип, мугалим эки илимди бириктирген «Тарых боюнча тест» түзүп чыкты.

Сергей Никулин, тарых сабагынын мугалими:

- Мен 5 миң суроодон турган тест даярдадым. Алар темаларга жана категорияларга бөлүндү. Мындан тышкары, биз окуу режимине өзүбүздү гана сынабастан, суроолорго туура жооп берүү үчүн атайын функцияларды коштук. Андрей өзү да ушундай ийгиликке жетип, биз бул тажрыйбаны бардык окуучулар менен бөлүшүүнү чечтик. Көптөгөн конкреттүү материалдарды камтыган татаал темаларды карап чыгып, так күндөрдү, статистиканы, ысымдарды, иш-аракеттерди эстеп калуу ар дайым кыйынчылык жаратат. Тест аны эң кыска мөөнөттө жаттап алууга мүмкүндүк берет.

Кийинчерээк тиркеме улуттук бирдиктүү тестирлөөгө даярданууга жардам берери белгилүү болду. Бүгүнкү күндө аны 10миңге жакын колдонуучу жүктөп алган. Иштеп чыгуучулардын талабы боюнча, ал бардык колдонуучулар үчүн акысыз бойдон калат.

Зарина Смагулова, 9-класстын окуучусу:  

- Тиркемени колдонуу абдан ыңгайлуу, суроолор темалар жана бөлүмдөр боюнча бөлүнгөн. Мен каалаган тематиканы тандап, тесттен өтө алам. Мисалы, анда байыркы тарых, жаңы тарых, эгемендүүлүк жылдарындагы Казакстан, Кытай менен болгон мамилелер жана башка темалар камтылган. Кошумча мен үчүн абдан пайдалуу, анткени мен келечектеги адистигимди ушул тарых сабагы менен байланыштыргым келет. Тесттен өткөндөн кийин материал түшүнүктүү болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков