Казакстандагы түстүү көлдөр америкалык астронавттарды таң калтырды. NASA Эл аралык космос станциясынан алынган кызыл жана кочкул жашыл түстөгү суунун сүрөттөрүн көрсөттү. Ашыөзек дарыясынын дельтасына жакын жайгашкан Батыш Казакстан облусунун сейрек калктуу аймагы объективге түшкөн. АКШнын космостук агенттигинин докладында ошондой эле туздуу суу буулануу шартында микроорганизмдер табигый сүрөтчүлөргө айланганы белгиленген. Алардын аркасында көлдөр адаттан тыш түскө боёлгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков