Суу ташкынан жапа чеккен инфраструктураны калыбына келтирүүгө кошумча 22,7 млрд теңге бөлүндү

Өкмөт суу ташкынынан жабыркаган аймактардын инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн кошумча 22,7 миллиард теңге бөлдү. Бул тууралуу өкмөт башчы селдин кесепеттерин жоюу боюнча атайын кеңештин жыйынында билдирди. Каражат жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоого жана реконструкциялоого багытталат. Тактап айтканда, Актөбе, Акмола, Костанай жана Түндүк Казакстан облустарында бузулган автожолдор калыбына келтирилет. Мындан тышкары, жабыркаган аймактардын мектептерин оңдоого 7,5 млрд теңге бөлүнөт. Бул иштерди жаңы окуу жылы башталганга чейин бүтүрүү пландалууда. Ошондой эле, өкмөт башчы жараксыз деп табылган үйлөрдү куруу жана оңдоого жарактуу үйлөрдү жылуулук берүү мезгили башталганга чейин реконструкциялоо темпин жогорулатууну тапшырды. Премьер-министр облустун бардык аймагы керектүү курулуш материалдары менен камсыздалганын айтып, кырдаалды өз көзөмөлүндө болорун катуу эскертти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков