Казакстандын Эфиопиядагы элчилигинде казак элинин Жамбыл Жабаев, Абай Кунанбаев, Мукагали Макатаев сыяктуу жана башка көрүнүктүү авторлорунун чыгармалары жаңырды. Анда казак элинин маданиятына арналган кече болуп өттү. Катышуучулардын арасында ошол өлкөдө жашаган биздин мекендештер болду. Элчиликтин кызматкерлеринин айтымында, мындай кечелер өсүп келе жаткан муундун түшүнүгүн кеңейтет: каада-салттар жана үрп адаттар, улуу тарыхый инсандар жана алардын казак маданиятына, атап айтканда, адабиятка, поэзияга жана элдик музыкага кошкон салымы жөнүндө маалымат берет.
Коноктор Казакстандын борбору – Нур-Султан шаарынын күнүнө арналган фото көргөзмөнү көрүштү. Бардык сүрөттөр республиканын Көз карандысыздык жылдарындагы өнүгүү ыргагын чагылдырды. Айтмакчы, иш-чарада пандемиядан улам ишмердүүлүгү токтотулган Абай Кунанбаев атындагы маданий борбор кайрадан иштей турганы жарыяланды.