«Болашак» Казакстандын илимий дараметин арттырат

«Болашак» программасы 30 жылда заман агымына ыктап, жаңы эл аралык талаптарга ылайык өзгөрдү. Эмгек рыногуна керектүү адистерди даярдоого өзүнүн салымын кошуп келет. Эл аралык стипендиянын мааракесине карата 50 өлкөдөн келген окумуштуулар менен серепчилер борбордо чогулуп, «Болашак»программасынын трансформациялоо жолун талкуулашты. Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө жакында Казакстандын аймактарында чет элдик университеттердин филиалдары ачыла турганы белгилүү болду. 

Алия Оспанова, «Эл аралык программалар борбору» АК башкарма төрайымы:

- Биз алгач техникалык жана медициналык кесиптерге басым жасадык. Экинчиден, айыл жаштары жана абитуриенттер үчүн атайын квота бөлдүк. Үчүнчүдөн, биз көбүнчө илимге көңүл буруудабыз. Кошумчалай кетсек, биз Борбордук Азияда биринчилерден болуп 500 окумуштуу программасын ишке ашырдык.

Пол Нун Обе, Конвентри университетинин профессору:

- Казакстандык жаштар өтө билимдүү. Өткөн жылы университетибизге 30 студент келсе, быйыл дагы 30 студент келди. Окуу процессине баары дароо көнүп кетишти. Казакстан жаш мамлекет. Деген менен адамдык капитал жакшы өнүккөндүгүн көрүп жатабыз. Биздин университет Казакстандын билим берүү тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн жардамын аябайт. Ошондуктан биз Казакстан менен өз ара кызматташууну бекемдөөгө даярбыз.

«Болашак» программасы менен 12 миң казакстандык чет өлкөлөрдөгү эң алдыңкы ЖОЖдордо билим алды. Бүгүнкү күндө алар өлкөдө ар кыл тармактарда эмгектенип келет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков