Казакстанда Буктырма суу сактагычы аркылуу өтө турган эң узун көпүрө ишке берилди. Эми Чыгыш Казакстан облусунун 6 районунун жашоочулары жыл бою эркин жана коопсуз каттай алышат. Өлкөнүн эң ири суу сактагычынын эки жээгин бириктирген өткөөлдүн узундугу бир чакырымдан ашат. Эки тилкелүү көпүрө күнүнө 80 миңге чейин унаа өткөрө алат. Бул долбоор алдыңкы инженердик технологияларды колдонуу менен жана сапаттын бардык стандарттарына ылайык ишке ашырылды. Анын ачылышына Премьер-министр катышты. Олжас Бектенов белгилегендей, маанилүү транспорттук коридорлор өткөн аймакта курулган жаңы көпүрө өлкөнүн логистикалык дараметин жогорулатып, чек аралаш өлкөлөр менен үзгүлтүксүз байланышты камсыздайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков