Казакстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо жаңырды

Казакстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо жаңырды

Быйылкы окуу жылын 3 миллион 700 миңден ашык окуучу аяктап жатат. 172 миң бүтүрүүчү 11-классты аяктаса, алардын 6 миңден ашууну “Алтын төш белгиге” талапкерлер. 288 миңден ашуун бүтүрүүчү 9-классты бүтүрдү. Белгилей кетсек, быйылкы жылдан баштап окуу жылынын 36 жумага узартылгандыгына байланыштуу, Акыркы коңгуроо аземи Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө туш келүүдө.

Гани Бейсембаев, Окуу-агартуу министри:

- Бул күн бир жагынан кубанычтуу болсо, экинчи жагынан бүтүрүү экзамендеринин алдындагы толкундануу учуру. Ар бириңиздер республикалык бирдиктүү тесттен ийгиликтүү өтүп, жакшы жыйынтык көрсөтөсүңөр деп ишенем. Колледждер жана кесиптик-техникалык окуу жайларын бүтүргөндөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Сиздер сапаттуу билим гана албастан, алган билимиңиздерди, жөндөмүңүздөрдү иш жүзүндө колдонууну үйрөндүңүздөр. Бүгүнкү күндө Казакстанда орто кесиптик билим берүү системасы жаңы темп менен өнүгүп жатат. Кадрларды даярдоонун эффективдүүлүгүн жогорулатууга келечектеги иш берүүчүлөрдү окутуу жараяндарына тартуу аркылуу жетишилди. Урматтуу бүтүрүүчүлөрүбүзгө ийгилик каалайм.

Алдыдагы жайкы каникулда 1-10-класстын окуучуларынын 85%дан ашыгын ден соолукту чыңдоо иштери менен камтуу көздөлүп жатат. Окуучулар үчүн 10 миңден ашык ийримдер иштейт. Эс алуу жайларында 3 миллионго жакын өспүрүм эс алат деп мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков