Мажилис жасалма интеллект тууралуу мыйзамды биринчи окууда кабыл алды

Мажилис жасалма интеллект тууралуу мыйзамды биринчи окууда кабыл алды

Казакстанда жасалма интеллектти өнүктүрүүнүн негизги нормалары мыйзамдаштырылган. Өлкөнүн парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары нейрон тармактарын колдонууну жөнгө салган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты. Мажилисмендер белгилегендей, документтин башкы милдети-жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошол эле учурда тармактын иштеп чыгуучулары жана инвесторлору үчүн ачык-айкын оюн эрежелерин түзүү болуп саналат. Ошону менен бирге, мыйзам долбоору экономиканын ар түрдүү тармактарында жасалма интеллект технологияларын киргизүү маселелеринде мамлекеттин ролун аныктайт. Коомдук мамилелер да жөнгө салынат, алар нейро торчолорду колдонуунун этикалык принциптерин бекемдейт жана казакстандыктардын автордук укуктарын коргойт. Мыйзамда тармакты колдоо чөйрөсү да каралган. Анын ичинде эл аралык кызматташтык аркылуу изилдөөлөрдү каржылоо, билим берүү программаларын түзүү бар.

Ерлан Кошанов, Парламент Мажилисинин төрагасы:

- Мамлекет башчысы жасалма интеллектти өнүктүрүүгө артыкчылык берет. Жакында өткөн улуттук курултайдын жыйынында ал бул тармакты өнүктүрүүнүн биздин өлкө үчүн маанисин кайрадан баса белгиледи. Бүгүнкү күндө жасалма интеллект өнүмдөрүн колдонуунун тез өнүгүшүнө карабастан, азырынча сейрек өлкөлөрдө гана анын толук кандуу өнүгүшү үчүн укуктук негиз бар. Буга байланыштуу эл аралык мыкты тажрыйбаларды эске алуу менен биздин депутаттар тарабынан ушул мыйзам долбоору иштелип чыкты.


Екатерина Смышляева, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Мыйзам долбоорунун маанилүү бөлүгү улуттук жасалма интеллект платформасы – жасалма интеллект өнүмдөрүн иштеп чыгуу жана колдонуу үчүн бирдиктүү инфраструктура болуп саналат.  Инструменталдык чөйрөдөн тышкары, платформа иштеп чыгуучулардын жасалма интеллект моделдерин окутуу үчүн маалымат китепканаларына кирүүсүн калыптандырат жана камсыз кылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков