Мажилис Каспий деңизиндеги чек араларды бекиткен алгачкы мыйзам долбоорун кабыл алды

Мажилис Каспий деңизиндеги чек араларды бекиткен алгачкы мыйзам долбоорун кабыл алды

Каспий деңизинин жээгиндеги мамлекеттердин чек арасын мыйзамдуу түрдө бөлгөн биринчи документ бекитилди. Межлистин жалпы жыйынында жактырылган тарыхый документте Казакстан менен Түркмөнстандын ортосундагы аймактык сууларды жана балык уулоо зоналарын бөлүүчү сызык аныкталган. Бул деңиздин инвестициялык тартымдуулугун арттырып, эки өлкөнүн ортосундагы деңиз түбүн бөлүштүрүү боюнча талаш-тартыштын алдын алат. Мындан тышкары, жер казынасын пайдалануу жана суу ресурстарын эксплуатациялоо боюнча суверендүү укуктарды ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Эскерте кетсек, бул келишимге эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы тогуздун айынын 25де Ашхабадда кол коюшкан.

Мухтар Тлеуберди, Казакстандын Тышкы иштер министри:

- Келишимдин ратификацияланышы жана күчүнө кириши Казакстандын түштүк чек араларында мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жараянын аяктоого мүмкүндүк берет. Түркмөнстан тарап аталган келишимди ушул жылдын чын куран айынын 17де ратификациялады. Бул мыйзамды кабыл алуу Казакстан Республикасынын улуттук мыйзамдарына карама-каршы келбейт жана аны өзгөртүүнү талап кылбайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков