Биотуз, пайдалуу
тамактануу кутучалары жана смузилер. Мунун баары таштандысыз технологияны
колдонуу менен жасалат. Карагандылык биолог - Арайлым Серикбай бул организмге
пайдалуу табигый таза өнүмдөрдүн тармагын кеңейтүүнү көздөп жатат. Жаратылыш
илимдеринин PhD доктору өндүрүш менен
бирге жаш муундарга экологиялык маданиятты тарбиялоону бирге алып жүрөт. Өткөн
жылы ал илимий билим берүү борборун ачууга жетишкен.
Арайлым
Серикбай, долбоордун автору, PHD доктору:
- Негизинен биздин
өнүм калдыксыз технологияларды иштеп чыккан экологиялык жактан таза өнүм болуп
саналат. Биздин жалпы максатыбыз – билим менен илимди айкалыштыруу аркылуу
жаштардын, өспүрүмдөрдүн, окуучулардын жана студенттердин экологиялык
сабаттуулугун, экологиялык маданиятын, агро билимин калыптандыруу. Мунун
аркасында азыркы таптагы илимий билим берүү борборун чоң мектепке айландыруу.
Арайлым Серикбай эми бул долбоорду дүйнөлүк деңгээлде өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алды. Инновация жана санариптештирүү багытында Казакстандын 10 алдыңкы демилгеси БУУ-аялдар түзүмүнүн аймактык сынагына сунушталат. Эл аралык уюмдун өлкөдөгү өкүлчүлүгү жана NURIS инновациялык кластери биргеликте мыкты долбоорлорду тандап алышты. Бардыгы болуп ата мекендик ишкерлерден 85 арыз келип түшкөн.
Дина Амришева,
Казакстандагы «БУУ-аялдар» түзүмү кеңсеси башчысынын милдетин аткаруучу:
- Бул долбоорлор
мындан ары аймактык деңгээлде каралат. Мыктылар Стамбулда долбоорлорун сунушташат.
«БУУ-аялдар» түзүмү - бул катышуучуларга да максималдуу колдоо көрсөтөт. Эми
алар эл аралык инвесторлор менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле
өнүмдөр жана кызматтарын сунуштай ала турган аймактык жана глобалдык аянтчалар жөнүндө
көбүрөөк билүүгө болот. Биз сунуштаган долбоорлор социалдык көйгөйлөрдү
чечүүгө, гендердик теңчиликти илгерилетүүгө жана аялдардын укуктары менен
кызыкчылыктарын кеңейтүүгө багытталганы биз үчүн маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков