Быйыл Астанада жаңы газ жылытуу станциялары менен 3-ЖЭБ ишке кошулат

Быйыл Астанада жаңы газ жылытуу станциялары менен 3-ЖЭБ ишке кошулат

Астанадагы 3-ЖЭБдин курулушу быйыл бүтөт. Азыр ал жердеги иштер 90% аяктап калды. Бардык 4 от казанды этап менен ишке киргизүү пландалууда. Бул борбор калаанын жылуулук кубаттуулугун кошумча 440 Гкал/саатка көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Курулуштун башында турган өкмөт башчы маанилүү объектти өз убагында ишке киргизүүнү тапшырды. Алихан Смаилов ошондой эле шаарды болжол менен 350 Гкал/саат кошумча жылуулук менен камсыз кылган Туран газ жылытуу станциясынын курулушу менен да таанышты. Кийинчерээк өкмөт башчысы бүтүндөй сол жээк аймагын кошумча жылуулук менен камтышы керек болгон «Түштүк-Чыгыш» газ жылытуу станциясынын курулушу план боюнча жүрүп жатканын белгиледи. Жаңы курулган объекттин негизги артыкчылыгы көгүлтүр отунду үнөмдүү колдонууга мүмкүндүк берген чакан от казандары. Жаратылыш газынан тышкары, алар дизель менен иштөөгө ылайыкталган. Алдыдагы жылытуу мезгилинде ишке бериле турган эки от казан борбор калааны 1100 Гкал/саат жылуулук менен камсыздай алат. Келерки жылы бул багыттагы иштерди улантып, кошумча газ от казандарын ишке киргизүү мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков