Мамлекет башчысы Жамбыл облусунда болгон жарылууга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү

Мамлекет башчысы Жамбыл облусунда болгон жарылууга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү

Касым-Жомарт Токаев Жамбыл облусунда болгон жарылууга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Жыйынга премьер-министр, укук коргоо, коргоо, коопсуздук жана башка да күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Мамлекет башчысы Жамбыл облусундагы өзгөчө кырдаалдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жаракат алган адамдардын тезирээк сакайып кетишин каалады. Касым-Жомарт Токаев окуяга байланыштуу бир катар чараларды көрүүнү тапшырды. Тактап айтканда, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн мекемелер аралык мамлекеттик комиссия түзүлүп, аны жетектөө вице-премьер-министр Роман Склярга жүктөлдү. Ошондой эле, окуя тууралуу жалган маалыматтын таралышына жол бербөөнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков