Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстандагы жаңы ГЭСтин курулушуна катышат

Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстандагы жаңы ГЭСтин курулушуна катышат

Кошумчалай кетсек, өлкөдө өндүрүлгөн өнүмдөрдүн бир бөлүгү коңшу мамлекет аркылуу Түштүк Азияга жетет. Союздаш өлкөлөр дүйнөлүк азык-түлүк тартыштыгын жана инфляцияны биргелешип жеңүүгө ниеттенүүдө. Бул үчүн ички рынокту даяр өнүмдөр менен өз убагында камсыз кылып турмакчы.

Былтыр Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы сооданын үлүшү 5 миллиард долларга жеткен. Өлкөдөн коңшуларга 2,5 миллион тонна буудай, 375 миң тонна ун жеткирилди. Мындан тышкары, картошка, арпа, май, жүгөрү, уй эти бар. Жыл жыйынтыгы боюнча чет өлкөдөн алынып келинген азык-түлүктүн 36,6 пайызы Казакстандан экени өзгөчө белгиленди. Ал эми өзбекстандык ишкерлер республикага көптөгөн автоунаа жана текстиль буюмдарын жиберишет.

Нурлан Күлбатыров, Казакстандын соода министрлигинин алдындагы компаниянын өкүлү:

- Биздин өлкөлөр ортосундагы сооданын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү максаты бар. Эл аралык өнөр жай кооперациясы ишти тездетүүгө багытталган. Буга дүйнөдөгү геосаясий кырдаал да түрткү болууда. Эми эки мамлекет биргелешип даяр өнүмдөрдү чыгарууга тийиш.

Эки тараптуу келишимдердин негизинде туруктуу жумуш орундары түзүлөт. Быйыл Казакстан аталган өлкөгө азык-түлүк экспортун 500 миллион долларга көбөйтө алат. Азыртадан эле чийки затка болгон суроо-талап бар. Анын да үлүшү артат.

Бейбит Атамкулов, Казакстандын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Казакстан менен Өзбекстан энергетикалык коопсуздукка басым жасашы керектиги белгилүү болду. Бул тармакта көптөгөн тобокелдиктер бар. Мүмкүн болушунча ошону эске алып, биргелешкен иш-аракеттерди башташыбыз керек. Казакстан аталган өлкөгө 5-6 миллион тонна көмүр экспорттоого камданып жатат. Ошондой эле, Европага жөнөтүлгөн айрым экспорттук өнүмдөр Өзбекстанга да жиберилет. Өлкөбүздүн өкмөтү кошумча 500 миллион долларлык товарлардын тизмесин сунуштады.

Тараптар Борбор Азия үчүн эң курч маселе болгон суу жана электр энергиясынын тартыштыгын биргелешип чечет. Бул максатта Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстандагы жаңы ГЭСтин курулушуна катышууга ниеттенүүдө. Кубаттуулугу 2 гигаватт объект аймактагы үч өлкөнү тамак-аш жана электр энергиясынан көз карандылыктан арылтат. Энергетика министрлери долбоордун жол картасына кол коюшту. Биргелешкен аракет аталган тармакка оң таасирин тийгизет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков