Астанада экинчи индустриалдык парк куруу пландалууда. Анын аймагы 433 гектарды түзөт. Учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Борбор калаанын акимчилиги белгилегендей, парк 10 негизги кластерге бөлүнөт – алар унаа жасоо, курулуш индустриясы, жыгач иштетүү, металлургия, жеңил, химиялык жана тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, ошондой эле даяр өндүрүштүк жайлар. Ал жерде 150дөн ашык инвестициялык долбоорлорду жайгаштыруу пландалууда. Жалпысынан алганда, индустриалдык парктар өлкөнүн башкы шаары үчүн чет элдик жана улуттук капиталдын жаңы агымын тартуу, өнүмдөрдүн экспортун кеңейтүү, жаңы технологияларга жетишүү жана калкты жумуш менен камсыздоонун мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков