Comic
Con Astana дүйнөгө комикстердин негизинде жаңы кино шедеврлерин тартуулай алат.
Дал ушул фестивалда эң популярдуу «Супермен», «Андерграунд» жана «Револьвер» тасмаларынын франциялык
продюсери Пьер Спенглер
жаңы долбоорлорду жаратуу үчүн шыктанууга үмүттөнөт. Эскерте кетсек, гик маданиятынын фестивалы
борбор калаада аяк оона айынын 15и 17си
күндөрү аралыгы өтөт. Буга кошумча продюсер
казакстандык комикс өндүрүшүн изилдөөгө кызыкдар жана мындай иш-чаралар пикир
алмашууга шарт түзөт деп эсептейт. Фестивалдын алкагында Пьер Спенглер күйөрмандары үчүн
автограф сессиясын өткөрүп, каалоочулар үчүн тажрыйбасы менен бөлүшөт.
Пьер Спенглер, кинопродюсер:
-Мен
жергиликтүү комикстер менен анчалык тааныш эмесмин, бирок аларды жакындан
изилдейм деп үмүттөнөм. Мисалы, Томирис жөнүндө бир нече комикстерди көрдүм. Мени абдан кызыктырды. Анткени бул жерде ага
арналган тасма тартылганын билем. Аталган тасманын концепциясын түзүүгө
катыштым. Фестивалда мен бир аз шыктанам деп үмүттөнөм, бул жерде
көрсөтүлөрүн көрөм, мени жаңы комикстерди жаратууга түртүшү мүмкүн. Адатта
бул мага жаңы комикстерди жаратууга түрткү
берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков