Эгин талааларында сууну үнөмдөө технологияларынын үлүшү артып келүүдө

Эгин талааларында сууну үнөмдөө технологияларынын үлүшү артып келүүдө

Бул тууралуу бүгүн Сенаттын жалпы жыйынында айыл чарба министри Ербол Карашукеев билдирди. Анын айтымында, Израилдик компания Алматыда ушул күздө тамчылатып сугаруу үчүн түтүктөр чыгаруучу заводду ишке киргизүүнү пландап жатат. Ошондой эле жыл аягына чейин кытайлык компания менен тамчылатып сугаруучу унааларды биргелешип чыгарууну уюштуруу пландалууда. Министрдин айтымында, бул өлкөдөгү айыл чарба талааларында суу үнөмдөөчү технологиялардын үлүшүн көбөйтүүгө жардам берет. Маселен, быйыл 1,5 миллион гектар сугат жери өздөштүрүлөт.

Ербол Карашукеев, айыл чарба министри:

- 1 миллион 126 миң гектар жер же 75% жер үстүндөгү ыкма менен сугарылат. 95 миң гектары күрүч талааларын суу каптап, 279 миң гектар аянтчада же 13,3% заманбап тамчылатып сугаруу системасы колдонулат. Бул жерде сууну үнөмдөөчү технологиялардын көп бөлүгү колдонулган Павлодар, Жамбыл, Түркестан, Караганды облустарын атай алабыз. Сууга муктаж болгон аймактарды жана монокультураларды ар тараптандыруу боюнча пландуу иштер улантылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков