БУУнун Өнүктүрүү программасы Казакстандын туристтик багыттарын жаңыртууга катышууда

БУУнун Өнүктүрүү программасы Казакстандын туристтик багыттарын жаңыртууга катышууда

Адистердин айтымында, аталган тармактын өсүшү дүйнөдө жылына 30%га жакынды түзөт. Бул дүйнөлүк экономиканын эң тез өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Казакстанда экотуризм ар кандай багыттарды камтыйт. Алардын бири улуттук сейил бактардагы эс алуу. Казакстандагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жайгаштыруу Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы менен биргеликте ишке ашырылууда. Саякатчылар арасында популярдуу болгон Сайрам-Өгем улуттук жаратылыш сейил багында да жаңыланган багыт ачылды. 2022-жылы бул жерге 68 миңден ашык адам келсе, ал эми быйыл жыл башынан бери 64 миң 500дөн ашык турист келген.

Меруерт Сарсембаева, Казакстандагы БУУнун өнүктүрүү программасынын био ар түрдүүлүк портфелинин координатору:

- Бул жол көзөмөлдөө үчүн жабдылган. Мында маршруттагы туристтердин жүрүм-турум эрежелери жөнүндө гана эмес, ар кайсы өлкөлөрдөн келген көптөгөн туристтерди, албетте, биздин жергиликтүү туристтерди өзүнө тарткан абдан кызыктуу уламыштарга толгон маалымат такталары жана стенддери да коюлган. Пилоттук аймактарга Көлсай көлдөрү улуттук сейил багы, Катонкарагай улуттук паркы жана Сайрам-Өгем улуттук сейил бактары кирет. Акыркы жылдары аталган парктар үчүн экологиялык туризмди өнүктүрүү стратегиясы даярдалган. Кийинчерээк бул иш улантылып, улуттук жаратылыш сейил бактарында туристтик багыттарды уюштуруу Концепциясы иштелип чыкты. Ошого жараша быйылкы жылы бул үч улуттук паркта туристтик маршруттарды уюштуруу иштерин аяктадык.

Белгилей кетсек, Казакстанда 14 улуттук сейил бак бар. Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы аларга 2 миллионго жакын турист келген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков