Казакстан менен Франция 2,2 млрд долларлык 24 келишимге кол коюшту

Казакстан менен Франция 24 миллиард 200 миллион долларлык келишим түзүштү. Бул Парижде өткөн эки тараптуу ишкерлер кеңешинин 13-отурумунун жыйынтыгы. Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрү кызматташтыктын келечегин, инвестиция үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Француз ишкерлери үчүн республиканын IT-индустрия, агроөнөр жай комплекси, тоо-кен тармагы, медицина жана жеңил өнөр жайы эң тартымдуу. Алардын арасында энергетика тармагы да чоң кызыгууну жаратууда.

Габидолла Оспанкулов, ТИМнин инвестиция боюнча комитетинин төрагасы:

- Франциянын дүйнөлүк «Orano» компаниясы, уран казып алуу боюнча абдан жакшы технология жана тажрыйбага ээ. Ошондуктан, бул чөйрөдө алардын технологиясын жана уран өндүрүү боюнча Казакстандагы тажрыйбасын колдонуу жаатында абдан жакшы келишимдерибиз бар. Экинчи компания EDF - бул дүйнөлүк француз компаниясы. Алар казып алуу менен гана алектенбестен, кабыл алат жана колдонушат. Алар атомдук электр станцияларын башкаруу боюнча дүйнөдө лидерлер. Биздин мамлекет башчысы референдумдан кийин консорциум маселеси чечилерин, мындай сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча алардын консорциумга катышуу маселеси чечилерин айтты. 

Казакстан менен Франциянын ортосундагы соода алмашуу 8 ай ичинде 4 миллиард долларды түздү

Белгилей кетсек, Казакстан Франциянын Борбордук Азиядагы алдыңкы экономикалык өнөктөшү болуп саналат. Ал эми Бешинчи республика - өлкөнүн Европадагы негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Жыл сайын өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү тездик менен өсүп жатат. 2024-жылдын сегиз айында ал 45% га көбөйүп, 4 миллиард долларды түздү. Казакстандык экспорттун үлүшү жалпы көлөмдүн 90% түзөт. Мындан тышкары, Франция Казакстандын алдыңкы 5 инвестициялык өнөктөштөрүнүн катарына кирет. 2005-жылдан бери эле мамлекетке 19 миллиард доллардан ашык инвестиция салынган. Казакстанда француз капиталы менен 200дөн ашык ишкана ийгиликтүү иштеп жатат. Алар мунай-химия, транспорт, унаа жасоо, авиация, курулуш тармактарына багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков