Астанада Индиянын улуттук баатырына эстелик пайда болду. Жээкке Махатма Гандинин айкели коюлду. Салтанаттуу аземге эки өлкөнүн дипломаттары жана консулдары катышты. Индиянын тышкы иштер министри Минакши Лекхи белгилегендей, дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгынан кийин эки өлкө ортосундагы байланыштар бекемделүүдө. Скульптураны орнотуу достуктун символу жана өз ара кызматташууну улантуу ниетинин белгиси.
Минакаши Лекхи, Индиянын Тышкы иштер жана маданият боюнча мамлекеттик министри:
- Мен акыркы жолу сиздердин өлкөгө келгенде индиялык туристтер үчүн визасыз режимди карап чыгуу өтүнүчү менен казак бийлигине кайрылгам. Ошондо бул маселе чечилди. Казакстан Индиянын жарандары үчүн 14 күндүк визасыз режимди киргизди. Мен Казакстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирем.
Серик Жарасбаев, Казакстандын Маданият жана спорт министринин орун басары:
- Ушул жайда Нью-Делиде Абай Кунанбаевдин эстелигинин ачылышына жооп катары Астанада Махатма Гандинин эстелигин ачуу чечими кабыл алынган. Бул эки өлкөнүн мамилеси жана шериктештиги үчүн символикалык деп ойлойм. Биздин көптөгөн маданий байланыштарыбыз, экономикалык мамилелерибиз бар жана бул өнүгүүнүн мындан аркы символу катары кызмат кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков