Кызылордада алгачкы жолу боор трансплантациясы жасалды

Кызылордада алгачкы жолу боор трансплантациясы жасалды

Кызылордада биринчи жолу боор трансплантациясы жасалды. Оор дартка чалдыккан 40 жаштагы аялга күйөөсүнүн иниси донор болду. Азыр экөөнүн тең абалы туруктуу. Деген менен дагы эле дарыгерлердин көзөмөлүндө. Дүйнөдөгү эң татаал операциялардын бирин Сызганов атындагы Улуттук илимий хирургия борборунун башкы дарыгери Болатбек Баймаханов жетектеген дарыгерлер тобу жана кызылордалык адистер биргелешип жасашты. Квалификациялуу медицина кызматкерлеринин тажрыйбасынын аркасында донордук боордун 65% бейтапка салынды. Ийне сыяктуу тамырларды бириктирүү операциясы 10 саатка созулуп, ийгиликтүү аяктады.

Болатбек Баймаханов, Облусттук көп тармактуу оорукананын мүдүрү:

- Бүгүн биз донор болгон адамды үйүнө кайтардык. Абалы жаман эмес, баары жакшы. Ал эми боорду кабыл алган адамдын абалы да жакшы. Анализдер баары жакшырып жатат. Бизде мындай операциядан кийин ооруканада 20-25 күн жытышы керек.

Гүлмира Дүйсебаева, дарылануучу:

- Менин азыркы абалым жакшы. Мага өмүр берген адамдын аркасында,  башкы дарыгерлердин жардамы менен мен өзүмдү жашоого жаңы эле келгендей сезип жатам. Жакында үйгө чыгасың деди.

Бүгүнкү күндө боорду алмаштыруу Алматы жана Астанада гана жүргүзүлөт. Эми бул тизмеге Кызылорда облусу кошулду. Белгилей кетсек, учурда өлкөдө боорун алмаштырууга муктаж эки миңге жакын бейтап бар. Алардын ичинен 76 кызылордуктар. Адистердин айтымында, аймактагы медицинаны өнүктүрүү аркылуу татаал операциялар жасалып, көйгөйдү чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков