Алматыда омикрон штаммы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ажар Гиният билдирди. Анын айтуусунда, жүргүзүлгөн талдоого ылайык, 89 ПЧР-тестинин 15 пайызында омикрон штаммынын белгилери аныкталган. Экспертизанын толук жыйынтыгы үчтүн айынын 10нан ки йин белгилүү болот. Жалпысынан, акыркы аптада өлкөдөгү эпидемиялык абал кайрадан начарлай түштү. Нур-Султан шаары кызыл аймакка кирди. Алматы жана Шымкент шаарлары сары аймакта. Соңку апта ичинде Шымкентте ковид жуктургандардын саны 4,7 ал эми Алматыда 2 эсеге өскөн. Акыркы суткада Нур-Султан шаарында 170 коронавирус учуру аныкталды. Алматыда 138, ал эми Шымкентте вирус белгилери менен 69 бейтап катталды.
Ажар Гиният, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары:
- Омикрон штаммынын башка штаммдарга караганда айырмачылыгы илдеттин абдан жугуштуу болгондугунда. Дельта вариантына караганда омикрон штаммы тез өрчүп, жогорку дем алуу органдарында 70 эсеге тез жайылат.
Ошондой эле, саламаттыкты сактоо вице-министри вакцинациялоо жана ревакцинациялоодон өтүүнүн маанилүүлүгүн эске салды. Өзгөчө кырдаалга карабастан учурда бардык медициналык мекемелер штаттык режимде иштерин улантып жатат.
Ажар Гиният, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары:
- Аталган илдетти мындан ары өрчүтпөө жана алдын алуу үчүн жөнөкөй профилактикалык чараларды мындан ары сактоо керек. Бул үйдөн чыкпоо, адамдар көп чогулган жерлерге барбоо. Беткап тагып жүрүү жана илдеттердин алгачкы белгилери аныкталган кезде медициналык жардамга кайрылуу.