Казакстанда эпидемиялык абал оптимисттик сценарий боюнча жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой билдирди. Министр эмдөөнүн натыйжалуулугун баса белгилеп, биринчи жолу иммунизациядан кийин илдет жуктуруу жана курмандыктар боюнча маалыматтарды жарыялады. Ал белгилегендей, эмдөөдөн кийин бейтаптардын үлүшү 0,1%ды гана түздү. Өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын негизги бөлүгү - бул 99,9% эмделбегендерге туура келет.
Алексей Цой, КРнын Саламаттыкты сактоо министри:
- Эмдөөдөн өтпөгөндөрдүн арасында коронавирус курмандыктарынын үлүшү 97.7%ды, ал эми эмделгендер 2.3%ды түздү. Ошол эле учурда вакцинацияланган бейтаптарда өнөкөт оорулары да болгон. Бул факт дагы бир жолу эмдөөнүн COVID-19 илдетинин оор кесепеттерин алдын алууда эффективдүүлүгүн далилдеди. Казакстан Республикасында теке айында дельта штаммынын аныкталышына байланыштуу эпидемиянын өсүшү катталган. Нур-Султан шаарында COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга ылайык, баш оона айынын башынан бери коронавирус инфекциясынын өсүшүнүн басаңдашы жана турукташуусу байкалган.
Алексей Цойдун айтымында, оорунун кесепетинен каза болгондордун 98% эмделбеген казакстандыктарда кездешет, алардын көбүндө өнөкөт оорулары бар. Ошол эле учурда, өлкөдөгү иммундаштыруунун деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн өкмөт башчысы Аскар Мамин дагы бир жолу белгиледи.
Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:
- Эмдөөнүн темпин тездетүү керек. Өзгөчө бул маселе Батыш Казакстан, Мангыстау жана Атырау облустарынын акимдери тарабынан көзөмөлгө алынып, эмдөө мерчеминин ушул жылдын баш оона айында аткарылышын камсыздоого тийиш.
Министрлер кабинетинин башчысы эпидемиологиялык кырдаалды бардык аймактарда көзөмөлдө кармоо керектигин белгиледи. Буга катар, Аскар Мамин борбор калаанын, Алматынын, Шымкенттин жана Караганды облусунун бийлик өкүлдөрү бул маселеге өзгөчө көңүл буруусу керектигин кошумчалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков