Ревакцинация антителолордун узак мөөнөттүү айлануусун гана шарттабастан, алардын сапатын да жакшыртат. Башкача айтканда, коронавируска каршы вакцинанын күчөтүлгөн дозасын алган адамдар кооптуу инфекциядан жогорку деңгээлде коргоо менен камсыз болушат. Мындай пикирин каналга берген маегинде Дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды экспертизалоо боюнча улуттук борбордун серепчиси Павел Дерябин билдирди. Анын айтымында, кайра эмдөөдөн коркуунун кереги жок. Тиешелүү антителолордун тиешелүү антигендер менен байланышы канчалык күчтүү болсо, вирустун алсыздыгы ошончолук алсызыраак болот. Бул өз кезегинде илдеттин симптомсуз же оңой өтүшүнө шарт түзөт, дешет вирусологдор. Мындан тышкары, серепчилер COVID-19 менен күрөшүүдө адистер тарабынан сунушталган эрежелерди сактоону эстен чыгарбоо кеңешин беришет.
Павел Дерябин, Дары-дармектер жана медициналык буюмдарды экспертизалоо улуттук борборунун серепчиси:
- Биринчи кезекте эмдөө убактысы келгенде милдеттүү түрдө кайра вакцина алыш керек. Экинчиден, санитардык талаптарды так сактоо зарыл. Бүгүн талаптарга көңүл бурбай койсок, эртеңки күнү азабын тартып калышыбыз мүмкүн. Башкача айтканда, өзгөчө коомдук жайларда жана коомдук транспортто беткап тагынууну унутпаңыз. Мындан тышкары, бир жарым метр социалдык аралыкты сактоо зарыл. Ревакцинация учурунда 3-4 күн аталган эрежелерди так сактоону сунуштайм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков