Казакстандын 50 мыкты окумуштуусу сыйланат. Өлкөдө жыл сайын берилүүчү “Мыкты изилдөөчү” сыйлыгына сынак жарыяланганын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги билдирди. Анын максаты ата мекендик илимдин өнүгүшүнө зор салым кошкон изилдөөчүлөргө дем берүү. Сынакка катышуу үчүн арызды бөлүмдүн маалымат тутуму аркылуу бештин айынын 3үнө чейин электрондук форматта тапшырса болот. Белгилей кетсек, жеңүүчүлөр 6 миллион теңгеге ээ болушат. Жалпысынан тиешелүү министрликтин маалыматы боюнча, акыркы үч жылда илимди мамлекеттик каржылоо 70%га өскөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков