Астанада Рождестволук музыка ойнолду

Майрамдардын алдында «Астана Опера» театры барокко мезгилинин музыкасын тартуулады. Батыш Европанын улуу композиторлорунун чыгармаларын аткарган казакстандык артисттердин өнөрү көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулап, укмуштуудай атмосферага бөлөдү. Бул музыкалык кечеде театр артисттери, Anima di Barocco кылдуу ансамбли жана Казак улуттук өнөр университетинин хор капелласы өз өнөрлөрүн тартуулашты. Белгилүү казакстандык контртенор Батыржан Смаковдун айтымында, Рождестволук музыканын чеги жок. Деген менен ал майрамдык маанай тартуулап, адамдарга өзгөчө эмоция берет. 

Батыржан Смаков, Казак Улуттук Өнөр университетинин концерт бөлүм башчысы:
- Бул концертте дүйнөгө белгилүү майрам идеясы бар. Ошондуктан жаңы жыл алдында көрүүчүлөрдүн назарына ушундай кооз жана өтө назик кече тартуулоону туура көрдүк. Бул концертке жаш композитор Арсен Жумабаев да катышат. Жаш композитор Рождествого арнап өзгөчө музыка жазган. Кечеде Рождество майрамынын атактуу ырлары аткарылат.

Арсен Жумабаев, композитор:
- Концертке атайын музыка жаздым. Анын аты - фоле. Бул испан элинин жергиликтүү бийине негизделген. Анын бир туруктуу модели бар. Бирок ал өзүнүн принцибинен тайбай, өзгөртүүгө дуушар болуп турат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков