Кылкобыз мектеби ачылды

Кылкобыз мектеби ачылды

Иртыш аймагынын тургундары казактын байыркы музыкалык аспабы – кылкобызда күү ойноону үйрөнө алышат. Облуста атайын музыкалык ийрим ачылды. Бул аспапты үйрөнүүгө балдар эле эмес, чоңдор да кызыгуучулук таанытып жатат. Азырынча сабактар жумасына бир нече сааттан гана өткөрүлөт.

Бөкен Жигер, элдик ырчы, акын:

- Кобыз казактын салттуу аспабы болгондон кийин мындан эки жыл мурун өздөштүргөм. Казакта кобыз конот деген сөз бар. Негизинен менде жакшы, ыңгайлуу аспап болгондон кийин дароо үйрөнө баштадык. Мен бүгүнкү күндө кобыз менен элдик ырларды, салттуу ырларды ырдайм. Негиздерди үйрөнүү. Ал эми кобыз багытында күүгө эмес, салттуу ырларга басым жасайбыз. Анткени, жалпысынан бизде кобыз менен ырдоо салтыбыз бар, ошондуктан биз кобыз менен ырдаганды жакшы көрөбүз. Балдарга элдик ырлардан баштап, кобыздын чертилиши, аны кармоо сыяктуу жөнөкөй нерселерден баштайбыз.

Жаркынбек Амантай, «Шаңырак» элдик чыгармачылык жана оюн-зоок борборунун мүдүрү:

- Күүчүлүк өнөрүн жайылтуу солгундап калганын байкап жатабыз. Биз анын ордун толтургубуз келет. Ал эми «Шалкыма» ырлар, поэмалар, дастан айтуу, булардын арасында кылкобыз ийримин кошуп жатабыз. Башка да аспаптарды белгилөөгө болот. Бул жерде биз ырчылык өнөрдү үйрөнүү гана эмес, дастан айтуу, добулбас, ырчылык өнөрүн да камтып жатабыз.

Кошумчалай кетсек, аймакта байыркы адырна аспабы да жанданууда. Анын коштоосунда репертуарга 20га жакын чыгарма кирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков