Казакстан менен Орусия товар жүгүртүүнү көбөйтүүдө. Өлкөлөр аны 30 миллиард
долларга жеткирүүнү көздөөдө. Ал эми өткөн жылы өз ара соода 27 жарым миллиард
долларга жеткен. Казакстандан Орусияга экспорттолгон чийки зат товарларынын
олуттуу бөлүгүн уран, болот, алюминий оксиддери, темир рудалары жана алтын
түзөт. Минералдык жер семирткичтерди, цементти жана азык-түлүктөрдү камтыган
даяр өнүмдөрдү жеткирүүдө да оң динамика
байкалууда. Коңшу мамлекеттин өндүрүүчүлөрү республикага жаратылыш газын, мунай
өнүмдөрүн жана электр энергиясын, ошондой эле керектөө товарларынын кеңири
спектрин жеткирип турат. Инвестицияларга келсек, акыркы 20 жылда Орусиянын
Казакстандын экономикасына салган инвестицияларынын көлөмү 29 миллиард
доллардан ашты. Ал эми өлкө коңшу мамлекетке
9 миллиард доллар инвестиция салган.
Саян
Сунгатов, «QazTrade» соода саясатын өнүктүрүү борборунун улуу серепчиси:
– Орусия Федерациясы Казакстандын негизги соода
өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2026-жылдын биринчи кварталында өлкөлөр
ортосундагы товар жүгүртүү 6,5 миллиард долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул
эле мезгилине салыштырмалуу 16%га көп.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

