Баш оона айынын 1нен тарта Казакстанда улуттук айыл чарба санагы башталат. Ал эки жарым айга, тогуздун айынын 20на чейин созулат. Мындай аракет тармакка ар тараптуу баа берүүгө, ошондой эле келечекте мамлекеттик колдоо чараларын калыптандыруу үчүн ишенимдүү маалымат булагын алууга мүмкүндүк берет. Өнөктүккө даярдык өкмөттө талкууланды. Эске салсак, өткөн жылы пилоттук каттоо жүргүзүлүп, ал 54 калктуу пунктту камтыган. Долбоорго 45 миңден ашуун респондент катышкан. Анын алкагында айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо боюнча маалыматтык тутумдардан жана айыл чарба техникасынын реестринен алынган административдик маалыматтар интеграцияланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

