Жыл башынан бери 200дөн ашык окуучу негизги предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда медалдарга ээ болушту. Жаш таланттар өлкөнүн куржунуна 26 алтын, 56 күмүш жана 122 коло медаль алып келишти. Алар Казакстандын намысын алыскы эл аралык Балкан, Азия-Тынч океан математикалык, химия боюнча Менделеев олимпиадаларында жана башка көптөгөн абройлуу билим берүү сынактарында коргошкон.
«Эл аралык предметтик олимпиадаларга бардыгы болуп 500дөн ашык казакстандык окуучу катышты. Алар 200дөн көп медалга ээ болушту. Бул ар бир экинчи окуучу медаль алды дегенди билдирет. Биздин балдар жүздөн ашуун өлкөнүн өспүрүмдөрү менен күч сынашып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү. Азыр эң беделдүү предметтик олимпиадаларга катышып жатышат», - деди Мектепке чейинки жана орто билим берүү комитетинин төрайымы Гүлмира Каримова.
Которгон: Илгиз Жамалбеков