Бул максаттарга 153 миллиард теңгеге жакын каражат бөлүнөт. Ошол эле учурда жеке маалыматтарды коргоого каражат бөлүү пландалууда. DATA-борборду түзүүнүн алкагында транскраспий була-оптикалык байланыш желелери тартылууда. Алар 2025-жылдын бештин айында пайдаланууга берилет. Негизги суу астындагы линия Актаудан Сиязаньга чейин, ал эми резервдик линия Курыктан Бузновго чейин созулат. Долбоордун алдын ала баасы 40 миллион долларды түзөт.
Абилкайыр Болатбаев, телекоммуникация комитети башкармасынын башчысы:
- Оптикалык жана була-оптикалык байланыш желелери DATA борбору менен бириктирилет. Мындай заманбап байланыш системасы абдан маанилүү болот. Жогорку деңгээлде онлайн режиминде иштетилген маалыматтардын туруктуулугу камсыз кылынат. Башкача айтканда, бардык иштетилген маалыматтар толугу менен сакталып, тез жана жогорку сапатта бөлүштүрүлөт. Бир сөз менен айтканда жогорку ылдамдыктагы тармак түзүлөт. Казакстандын аймагында жайгашкан аймактык санариптик хаб Европа менен Чыгыш Азиянын ортосундагы транзиттик трафикти кабыл алуу, иштетүү жана сактоо үчүн зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков