Эл баатыры
Бауыржан Момыш уулунун чоң портрет-мозаикасы дүйнөлүк рекорддор китебине кирди.
Ийгилик Астанада катталды. Фото мозаиканы борбор калаанын сүрөт ийримдерине
катышкан 600дөн ашуун окуучу стадиондо кураштырды. Уникалдуу иш-чара баатырдын 115 жылдыгына жана
Жеңиш күнүнө арналды. Астана акимчилигинин маалыматы боюнча, Бауыржан Момыш
уулунун портрети жүздөгөн баланын сүрөттөрү менен 2 700 чарчы метрден ашык
аянтта кураштырылды. Мозаиканын узундугу 70, туурасы 32 метр.
Аружан Бирлес, Иш-чаранын
катышуучусу:
- Биз буга көпкө чейин даярдандык. Бул биздин эмгегибиз. Бул биздин ата-бабаларыбызды эскерип туруунун бир түрү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

