Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине кайрылуу жасайт

Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине кайрылуу жасайт

Бүткүл аймакта конституциялык түзүлүш калыбына келтирилди. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн Акордада президенттик администрациянын, Коопсуздук кеңешинин жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында билдирди. Анда өлкөдөгү азыркы кырдаал жана терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшү, аймактардагы абал талкууланды. Жергиликтүү бийлик кырдаалга көз салып турат. Бирок террористтер курал-жарактарды колдонуп, жарандардын жеке мүлкүнө зыян келтирүүдө. Андыктан тартип бузуучуларга каршы иш-аракеттер аягына чыкмайынча антитеррордук операциялар улана берет. Түзүмдүк күчтөрдүн жетекчилеринин айтымында, Казакстанга тартипти сактоого катышуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун биргелешкен тынчтык орнотуучу күчтөрү келүүдө. Алар стратегиялык объектилерди коргоону камсыз кылуу үчүн убактылуу мөөнөткө гана келишкен.

Айта кетсек, бүгүн мамлекет башчысы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Казакстан элине кайрылуу жасай турганын президенттин маалымат катчысы Берик Уали билдирди. Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусу улуттук телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков