Казакстанда бир суткада 1 492 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда бир суткада 1 492 адамдан коронавирус аныкталды

Өлкөдө өткөн сутка ичинде 1 492 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Илдетке чалдыгуунун эң көп учуру Алматы шаарында катталды – мегаполисте 415 адам COVID-19ду жуктуруп алган. Нур-Султан шаары антирейтингде экинчи орунга жайгашты. Бул жерде 346 бейтап аныкталды. Алматы облусунда 120, Батыш Казакстан облусунда 94 жаңы учур катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү коронавирустук инфекциянын жалпы саны 241 миңден ашты. Учурда алардын 23 миңден ашыгы дарыланууда.Маалым болгондой, 351 адамдын абалы оор, ал эми 43 бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Белгилей кетсек, илдеттен айыккан казакстандыктардан саны да аз эмес. Өткөн суткада 788 адам кооптуу инфекциядан айыгып чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков