Астанада улуттук илимий онкология Борборунун жаңы корпусу ачылды

Астанада улуттук илимий онкология Борборунун жаңы корпусу ачылды

Астанада Улуттук илимий онкология борборунун жаңы корпусу ачылды. Объекттин аянты 60 миң чарчы метрди түзөт. Корпус 210 керебетке ылайыкталган. Бейтапканасы бар. Заманбап шаймандар менен жабдылган борбор бейтаптарды толук дарылоону камсыздай алат. Мындай эл аралык коопсуздук стандарттарына шайкештендирилген Борбор Азиядагы алгачкы аба тазартуу жана радиоактивдүү калдыктарды жок кылуу системалары менен жабдылган радионуклиддик терапия бөлүмү да бар. Протон терапиясы дагы иштейт. Азыр бейтаптардын дени сак ткандарынын жабыркашы кыйла азайды. Бул өзгөчө балдарды дарылоодо маанилүү.

Адилбек Мукажанов, Улуттук илимий онкология борбору башкарма төрагасынын орун басары:

- Казакстанда эң өзгөчөлүгү бизде нур терапиясы үчүн жаңы аппараттар орнотулган. Анын ичинде Ethos деген аппарат бар, ал жасалма интеллектти камтыгандыгы менен башкалардан айырмаланат. Ал жаңы сеанстын алдында бейтапка жаңы пландаштырылган дарылоону дагы бир жолу текшерип, бейтаптын нур терапиясы болжол менен 1 же 1.5 айга созулат жана шишик ал кезде азайып, көбөйүп же чоңоюшу мүмкүн. Мындай учурда жасалма интеллект аны текшерип, дарыгерге белги берет. Муну мындай түзөтүп, нур терапиясын жаса деген сыяктуу. Ошондуктан, анда нур терапиясынын терс таасирлери азаят.

Онкологиялык борбордун жаңы корпусу Президент Касым-Жомарт Токаевдин саламаттык сактоо системасын жаңылоо стратегиясынын алкагында курулду. Бул жерде жыл сайын 10 миңге жакын бейтап дарыланат. Казакстандыктар милдеттүү социалдык медициналык камсыздандыруу системасынын алкагында акысыз кызмат алат.

Скендер Сыла, ДССУ өкүлү, Казакстандагы ДССУ элдик кеңешинин жетекчиси:

- Азыр бул медицина, илим жана казакстандыктар үчүн, ошондой эле Борбор Азия жана башка өлкөлөр үчүн өтө маанилүү этап. Анткени биз турган бул заманбап борбордо залалдуу шишикти аныктоочу эң алдыңкы жана мыкты аппараттар орнотулган. Ал эми залалдуу шишик оорусу адамзат үчүн эң оор илдет. Ошондуктан анын алдын алуу, эрте аныктоо жана тез дарылоо адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн өтө маанилүү.

Мындан тышкары, Улуттук онкология борборунун жаңы имаратында радиофармацевтикалык каражаттарды өндүрүү үчүн циклотрон-өндүрүш комплекси да бар. Бул жерде препараттын 11 түрүн чыгаруу мерчемделип жатат. Алардын жетөө Казакстанда биринчи жолу чогултулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков