Түштүк Кореяда коронавирус жуктуруу боюнча суткалык рекорд катталды

Түштүк Кореяда коронавирус жуктуруу боюнча суткалык рекорд катталды

Акыркы сутка ичинде Түштүк Кореяда 170 миңден ашуун адам кооптуу инфекцияга чалдыкканы аныкталды. Ошентип, өлкөдө коронавирустук инфекциялардын саны боюнча күнүмдүк рекорд кайрадан жаңырды. Мындай кескин өсүш үчтүн айынын ортосунан тартып омикрон штаммынын жайылышына байланыштуу катталган. Оор абалдагы бейтаптардын саны да көбөйүп, учурда 500дөн ашуун адамдын абалы оор деп бааланууда. Буга чейин Түштүк Кореяда Pfizer препараты 5 жаштан 11 жашка чейинки балдарды эмдөө үчүн уруксат берилген. Жалпысынан калктын 86%дан ашыгы вакцина алган.

Сон Янг Раэ, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү:

- Omicron штаммы Deltaга караганда жугуштуу, бирок анча коркунучтуу эмес деп аныкталды. Ошондуктан, биз карантин түшүнүгүн тастыкталган учурларга эмес, кооптуу топторго мониторинг жүргүзүү менен ковиддин оор жана курмандыкка алып келген шарттарын азайтуу үчүн өзгөртөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков