Улуу Британияда маймыл чечегинин жаңы штаммы аныкталды

Улуу Британияда маймыл чечегинин жаңы штаммы аныкталды

Улуу Британияда маймыл чечегинин жаңы түрү аныкталды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, вирустун азырынча аныктала элек белгисиз түрүн жашоочулардын бири жуктуруп алган. Эркек адам жакында Батыш Африкадан кайтып келген. Маймыл чечегинин жаңы штаммы адамдын организминде кандайча пайда болоору белгисиз. Бирок, дарыгерлердин айтымында, жакынкы келечекте бул инфекциянын массалык жайылышына себеп болгон түргө окшош болушу күмөн. Азыр адистер илдетти жуктуруунун башка учурларынын бар-жогун билүү үчүн байланышта болгон адамдарды издеп жатышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков