Акыркы сутка ичинде республикада коронавируска чалдыккан 2 909 учур катталды. Нур-Султан шаары кайрадан өсүш жагынан анти-лидерге айланды. Бул жерде дарыгерлер жаңы 796 учурду аныкташкан. Алматыда шаарында 420, ал эми үчүнчү орундагы Караганды облусунда 321 адамда кооптуу диагноз тастыкталды. Пандемия башталгандан бери коронавирус бейтаптарынын жалпы саны 448 миңге жетти.
Актөбе облусунда да жагымсыз эпидемиологиялык кырдаал түзүлүп жатат. Аймак бүгүнкү күндө коронавирустун жайылышы бонча «кызыл» аймакка кирди. Аталган зонда Нур-Султан, Алматы, Шымкент шаарлары, ошондой эле Акмола, Атырау, Батыш Казакстан, Караганды, Мангыстау жана Павлодар облустары жайгашкан. Алматы, Жамбыл, Костанай, Кызылорда, Түндүк Казакстан облустарында абал бир кыйла жакшы. Калган аймактардын бардыгы коопсуз делген «жашыл» зонда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков