Орусияда «Кентавр» омикрон штаммынын жаңы кичи түрү аныкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзор билдирди. Инфекция беш адамдан аныкталган. Бейтаптарда оору жеңил формада өтүүдө. Илдетке чалдыккандар арасында ооруканага жаткырылгандар жок. Белгилей кетсек, BA.2.75 же «кентавр» деп аталган штамм буга чейин Индияда, Нидерландияда, Австралияда, Германияда, Улуу Британияда, АКШ жана Канадада аныкталган.
Которгон: Нурлан Досалиев