Казакстанда илдетти жуктуруп алгандардын саны кайрадан көбөйдү. Өткөн суткада өлкөдө бир эле маалда COVID-19дун 752 учуру аныкталды. Ошол эле учурда, күнүмдүк өсүштүн антилидери болуп Алматы шаары аталды. Бул жерде кооптуу илдет 197 кишиден тастыкталды. Республиканын борборунда коронавируска чалдыккандардын саны 2 эсе аз катталды. Батыш Казакстан облусунда 74 учур аныкталган.Бактыга жараша, коркунучтуу вирусту жеңип чыккандардын саны дагы өсүүдө. Акыркы 24 сааттын ичинде 662 адам коронавирустан айыгып чыкты. Сакайган адамдардын жалпы саны 204 миң 129 адамга жетти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков