Казакстандагы Pfizer вакцинасы менен эмдөө өнөктүгү

Казакстандагы Pfizer вакцинасы менен эмдөө өнөктүгү

Казакстанда жашап жана окуган 12-18 жаш аралыгындагы чет элдик өспүрүмдөр Pfizer вакцинасын ала алышат. Жарлыкка өлкөнүн башкы санитардык дарыгери өзгөртүү киргизди. Ошондой эле бул Казакстанда үч ай же андан көп жашаган студенттерге да тиешелүү. Документке ылайык, казакстандык өспүрүмдөр, кош бойлуу жана бала эмизген аялдар Pfizer менен эмдөөдөн өтүшү керек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Pfizer вакцинасынын биринчи компонентин бүгүнкү күндө 128 миңден ашык өспүрүм жана 32 миңге жакын кош бойлуу жана бала эмизген аялдар алышкан. Ал эми экинчи компоненти менен 5592 адам эмделген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков