Казакстанда быйыл бир катар медициналык аныктамалар санариптик форматка өтөт

Казакстанда быйыл бир катар медициналык аныктамалар санариптик форматка өтөт

2025-жылдан баштап жеке медициналык китепчелерди берүү, эсепке алуу жана жүргүзүү электрондук форматка өткөрүлөт. Бул механизмди киргизүү жарандарга документти дароо бир нече уюмдарга сунуштоого мүмкүндүк берет. Бул жаңычылдык-убакытты жана чыгымдарды үнөмдөө. Бүгүнкү күндө 1,6 миллионго жакын казакстандыктардын санитардык китепчелери бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, быйыл да бир катар медициналык күбөлүктөрдү кагаз түрүнөн электрондук форматка алмаштыруу пландалууда. Бул катарда эмгекке жарамсыздык баракчасы, санаториялык-курорттук карта жана баланын ден соолугунун паспорту бар. Документтер жарандардын макулдугу менен «еDensaulyq» бөлүмүндө  медициналык маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү бар «eGov mobile» тиркемеси аркылуу берилет. Ошондой эле, баланы жаңы жылдан баштап эмдөөдөн өткөрүү же баш тартуу аралыктан катталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков