Коронавирустун эволюциясы жугуштуу жана коркунучтуу штаммдардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Мындай жыйынтыкка Улуу Британия менен Италиянын окумуштууларынын тобу келишти. Окумуштуулардын айтымында, Омикрон штаммынын жеңилдиги жөн гана кокустук. COVID-19дун жаңы версиялары иммундук системадан жашырылган коркунучтуу симптомдорду жаратышы мүмкүн. Окумуштуулар вирус анын эволюциясы үчүн зарыл экенин, бирок илдеттин оордугу терс таасир берерин айтышат. Ошол эле учурда, пандемияны токтото турган жамааттык иммунитет тескерисинче кызмат кылуусу толук мүмкүн. Серепчилердин ишениминде, натыйжада вирус бейтаптын же эмделген адамдын иммундук системасын айланып өтө тургандай өзгөрөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков