Казакстан менен Өзбекстан эл аралык өнөржай кооперациясын түзөт

Казакстан менен Өзбекстан эл аралык өнөржай кооперациясын түзөт

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында «Борбор Азия» ири эл аралык өнөр жай кооперация борбору курулат. Анын пайда болушу эки өлкөнүн ортосунда товарларды, кызматтарды жана жарандарды ташууну жеңилдетип, бажы жол-жоболоштуруу жараяндарын тездетет деп күтүлүүдө. Борборду түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимди бүгүн Сенат ратификациялады. Комплекс экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка, ошондой эле региондун ири жүк агымдарын бөлүштүрүүгө жана иштетүүгө ошондой эле «түндүк-түштүк» коридорунун алкагында өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Эскерте кетсек, Казакстан менен Өзбекстан өз ара соода көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү ниетинде. Анын аймагында иштөөгө эки өлкөнүн инвесторлору кызыгуу көрсөтүп жатышат. 

Кайрат Төребаев, Соода жана интеграция вице-министри: 

- Азыркы учурда 5 компания инвестиция салууга кызыгуучулук билдирүүдө. Алардын арасында наркы 35 миллион доллар болгон жашылча-жемиш заводу бар.  Бул ишкана томат пастасын жана тамак-аш азыктарын чыгарат. Дагы бир жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү заводдун баасы 15 миллион долларды түзөт. Ошондой эле 20 миллион долларга логистикалык комплекс курулат. Бешинчи долбоор-Өзбекстан глобалдык текстиль компаниясы. Аларда ушул аймакка жайгашуу ниетин билдиришкен. Бул инвестор менен да кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков