Парламенттин жыйынында Конституциялык соттун төрагасы Эльвира Азимова кайрылуулардын маңызына токтолду. Анын айтымында, 5 айда келип түшкөн арыздардын дээрлик жарымы соттун өкүмүнө макул болбогондуктан келип чыккан. Жаңы түзүлгөн конституциялык көзөмөл борборуна жарандар турак-жай жана эмгек мамилелеринде, социалдык жактан коргоодо, жазаларды аткарууда, маалымат алууда, жеке адамдардын банкрот болушунда акыйкаттык издеп келишкен. Бардык кайрылуулардын төрттөн бир бөлүгү, башкача айтканда, 26%ы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын конституцияга шайкештигин текшерүүнү суранышкан. Ошол эле учурда Эльвира Азимова бул жаатта мамлекеттик органдар кабыл алган 18 ченемдик токтомдун бешөө Конституцияга каршы келет деп табылып, өкмөткө кемчиликтерди оңдоо боюнча зарыл чараларды көрүү сунушталганын билдирди.
Эльвира Азимова, Конституциялык Соттун төрагасы:
- Заманбап чакырыктар жана укук колдонуу практикасы актуалдуулугу жана зарылчылыгы жагынан мыйзамдардын мониторингине тереңирээк сындык көз карашта мамиле кылуу зарылдыгын көрсөтүп турат. Адекваттуу укуктук жооп берүү мыйзамдуулукту камсыз кылуунун маанилүү шарты болуп саналат. Бул жаатта Конституциялык Соттун бир катар ченемдик токтомдоруна сунуштар берилди. Маселен, Социалдык кодексти жана “Административдик реформа жөнүндө” мыйзамды кароонун корутундусунан кийин Өкмөт белгиленген тыянактарды эске алуу менен мыйзам долбоорлорун Парламенттин кароосуна киргизиши керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков