Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы-аяк оона айларында Казакстанга 11 миң адам келген. Бул өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу бир жарым эсеге көп. Ranking.kz порталынын маалыматына караганда, өлкө аймагына келген чет элдиктердин басымдуу бөлүгү Мангыстау облусуна отурукташкан. Аймакта былтыркыдан бери өсүш 54%га жетти. Эң азы Кызылорда облусунда. Бул регионго болгону 12 адам келген. Жарандары эң көп келген мамлекеттерди айта турган болсок, бул жолу коңшу Өзбекстандын чек арасынан өткөндөр басымдуулук кылды. 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 90%га өскөн. Кийинки орундар Орусия менен Түркмөнстанга таандык. Кыргызстан менен Кытай дагы алдыңкы бештикке кирди. Ал эми Казакстандан кеткендерге келсек, Орусияга жол тарткандардын саны көбүрөөк болгону менен былтыркыга салыштырмалуу 21%га азайган. Кийинки сапта Германия, АКШ, Польша жана Өзбекстан турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков