Казакстанда билим берүү, спорт жана өнөр жай тармактарында ЖИ стартаптары ишке киргизилүүдө

Казакстанда билим берүү, спорт жана өнөр жай тармактарында ЖИ стартаптары ишке киргизилүүдө

Казакстанда ар бир окуучунун деңгээлине ылайыкташтырылган материалдары жана ийгиликтерин талдаган санариптик окуу китеби, ошондой эле спортту өнүктүрүү үчүн технологиялык платформа иштелип чыкты. AI Kitap жана OlympIQ долбоорлору өлкөнүн мектептерине жана спорт федерацияларына пилоттук режимде киргизилмекчи. Мекемелердин тизмеси да аныкталды. Бул тууралуу премьер-министрге казакстандык IT-компаниялардын өкүлдөрү жолугушууда билдиришти. Тараптар социалдык чөйрөдөгү жасалма интеллект стартаптарын талкуулашты. Олжас Бектенов белгилегендей, жасалма интеллектти өнүктүрүү өкмөттүн артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Премьер-министр ата мекендик IT-иштеп чыгууларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү убада кылды. Мындан тышкары, өнөр жай чөйрөсүнө киргизүү үчүн технологияларды иштеп чыгуу боюнча демилгелер каралды. Маалыматтарды талдоо, болжолдоо жана автоматташтыруу боюнча интеллектуалдык системалар өндүрүш процесстерин оптималдаштырууга, энергетика жана транспорт секторлорунда натыйжалуулукту жогорулатууга, чыгымдарды азайтууга жана тобокелдиктерди башкарууга жардам берет. Жолугушуунун соңунда премьер-министр ыйгарым укуктуу органдарга IT-адистеринин сунуштарын кароону тапшырды.


Которгон: Илгиз Жамалебков